93-берене. Алименттерди жана алименттик милдеттенмелер боюнча карыздарды өндүрүп алуунун тартиби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Алименттер боюнча карыздардын суммасынын эсеби сот актысында белгиленген алименттердин өлчөмүнө же алименттерди төлөө жөнүндө макулдашууга негизденүү менен аткаруу документин аткаруучу жер боюнча сот аткаруучу тарабынан түзүлөт.
2. Карызкордун эмгек акысына карата үлүштө жашы жетелек балдар үчүн төлөнүүчү алименттер боюнча карыздын өлчөмү алименттик төлөмдөр өндүрүп алуу жүргүзүлбөгөн мезгилдин ичиндеги карызкордун эмгек акысына жана башка кирешелерине негизденүү менен аныкталат. Эгерде карызкор бул мезгил ичинде иштебесе же болбосо бул мезгилдеги анын кирешелери жөнүндө документтер берилбесе, анда алименттер боюнча карыз карызды өндүрүп алуу учуруна карата ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө негизденүү менен аныкталат.
3. Өткөн убакыт үчүн аткаруу документи боюнча алименттерди өндүрүп алуу аткаруу документи берилгенге чейинки үч жылдык мөөнөттүн чектеринде жүргүзүлөт.
Эгерде өндүрүп алуу карызкорду издөөгө байланыштуу жүргүзүлбөгөн болсо, анда өндүрүп алуу карызкорду издөөнүн бүткүл мезгили үчүн жүргүзүлөт.
4. Сот аткаруучу тарабынан аныкталган алимент боюнча карыздын өлчөмү аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын биринин кызыкчылыктарын олуттуу бузган учурда, кызыкчылыктары бузулган тарап, карыздын өлчөмүн туруктуу акчалай суммада аныктоо же үй-бүлө мыйзамдарында каралган тартипте аны төлөөдөн бошотуу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.
5. Алименттерди төлөөдөн качкан учурда карызкор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат, бул жөнүндө ал сот аткаруучу тарабынан эскертилет.
6. Карызкор алименттик макулдашууну же алиментти төлөө боюнча сот актысын аткарбаганда же толук эмес көлөмдө аткарганда (жалпысынан үч айдын ичинде), сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзөт жана сотко жөнөтөт.
7. Он эки айдан ашкан мөөнөттө пайда болгон карыз бар болсо, сот аткаруучу материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө милдеттүү.
(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
93-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартат, бул жөнүндө ал сот аткаруучу тарабынан эскертилет.
6. алынып салынды: Жашы жете элек балага алимент өндүрүү жөнүндө аткаруу документин системалуу түрдө (үч жолудан ашык) атайылап аткарбай койгондо кошулду: Карызкор алименттик макулдашууну же алиментти төлөө боюнча сот актысын аткарбаганда же толук эмес көлөмдө аткарганда кошулду: (жалпысынан үч айдын ичинде), сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзөт жана сотко жөнөтөт.
7. Он эки айдан ашкан мөөнөттө пайда болгон карыз бар болсо, сот аткаруучу материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө милдеттүү.
(КР 2020-жылдын 17-августундагы № алынып салынды: 135 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 135, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Джалал-Абад областынын Сузак райондук сотунун судьясы Ж.Ж. Сабырованын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин конституциялуулугун…Решение Конституционного суда · 28.12.2022
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 208 ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына алименттик милдеттен мелерди жөнгө салуу…Распоряжение · 12.04.2024 · № 208
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-93" title="93-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>