73-берене. Мүлктүк укуктардан өндүрүп алуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 10-глава
1. Аткаруу өндүрүшүнүн алкактарында өндүрүп алуу карызкорго таандык болгон мүлктүк укуктарынан жүргүзүлүшү мүмкүн, анын ичинде:
1) кредитор (мындан ары - дебитор) катары анын алдындагы акчалай милдеттенмесин аткарбаган карызкордун үчүнчү жакка карата талап кылуу укуктары, анын ичинде карызкор тарабынан иш жүзүндө берилген товарлар, аткарылган жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча акы төлөө боюнча, жалдоо, ижара жана башкалар боюнча талап кылуу укуктарынан (мындан ары - дебитордук карыз);
2) аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучу катары талап кылуу укугунан;
3) мүлккө ижара укугунан;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, интеллектуалдык иштин натыйжаларынан жана жекелештирүү каражатынын натыйжасына карата өзгөчө укуктан.
2. Үчүнчү жактарга карата карызкорго таандык болбогон мүлктүк укуктардан өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-73" title="73-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>