30-берене. Аткаруу өндүрүшүндөгү мыйзамдуу өкүлдөр
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 4-глава
1. Аткаруу өндүрүшүндө аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жеке жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын өз ыйгарым укуктарын ырастаган документтерин көрсөткөн мыйзамдуу өкүлдөр - алардын ата-энелери, асырап алуучулары, көзөмөлчүлөрү же камкорчулары коргойт. Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу укугу өкүлдөнүүчүлөргө таандык болгон бардык иш-аракеттерди өкүлдөнүүчүлөрдүн атынан мыйзамда каралган чектөөлөр менен жасашат.
2. Белгиленген тартипте дайынсыз жок деп таанылган жеке жак катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча анын өкүлү катарында соттун чечими менен дайынсыз жок адамдын мүлкүн башкаруучу катары аныкталган адам чыгат.
3. Эгерде мурасты али эч ким кабыл ала элек болсо, каза болгон же белгиленген тартипте каза болду деп жарыяланган адамдын мураскору катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча мураскордун өкүлү катары мурасты аткаруучу же мураска калган мүлктү кайтаруу жана аны башкаруу үчүн дайындалган адам чыгат.
4. Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу өндүрүшүнө катышууну өзү өкүл катарында тандаган башка жакка тапшыра алат.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-30" title="30-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>