Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
31-берене. Аткаруу өндүрүшүнө котормочунун катышуусу
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 4-глава
1. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө аткаруу өндүрүшүнүн тараптары же сот аткаруучу котормочуну чакыра алат. Которуу үчүн зарыл болгон тилди билген аракетке жөндөмдүү жеке жак котормочу боло алат.
2. Котормочуну дайындоо жөнүндө чечим сот аткаруучунун токтому менен жол-жоболоштурулат.
3. Котормочунун кызмат көрсөтүүсү зарыл болгон карызкорго же өндүрүп алуучуга сот аткаруучу аны чакыруу үчүн мөөнөт берет. Эгерде карызкор же өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн мөөнөттө котормочунун катышуусун камсыз кылбаса, анда сот аткаруучу котормочуну өзүнүн каалоосу боюнча дайындайт.
4. Котормочу аткарган иши үчүн сыйакы алууга укуктуу. Ага төлөнгөн сыйакы аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга кирет. Сыйакынын өлчөмү жана аны төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык жоопкерчилик тартат, бул жөнүндө ал сот аткаруучу тарабынан жазуу жүзүндө эскертилет.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Сыйакынын өлчөмү жана аны төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Билип туруп туура эмес которгон учурда … бул жөнүндө ал сот аткаруучу тарабынан жазуу жүзүндө эскертилет.
кошулду: (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 787 "Аткаруу өндүрүшүнө катышкандыгы үчүн котормочуга жана сурдокотормочуга төлөнүүчү материалдык сыйакынын өлчөмү…Постановление · 05.12.2017 · № 787
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 787 токтомуПостановление · 05.12.2017 · № 787
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-31" title="31-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>