Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-берене. Тараптардын өкүлдөрү жана алардын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 4-глава
1. Жеке жактар аткаруу өндүрүшүнө жеке жана/же өкүлдөрү аркылуу катыша алышат. Өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулат.
2. Юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу өндүрүшүнө катышуулары аларга мыйзам, устав же жобо менен берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып баруучу алардын органдары же кызмат адамдары же болбосо көрсөтүлгөн органдардын өкүлдөрү жана кызмат адамдары аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Өкүлдүн (мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары) аткаруу документин берүүгө жана кайра чакыртып алууга, аткаруу өндүрүшүнө катышууга, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, ыйгарым укуктарды башка жакка берүүгө (кайра ишенип берүү), сот аткаруучунун аракеттерине (аракетсиздигине) жана актыларына даттанууга, ыйгарылган мүлктү (анын ичинде акча каражаттарын) алууга укуктары өкүл берген ишеним катта айтылууга тийиш.
4. 18 жашка толо элек жана камкорчулукта же көзөмөлчүлүктө турган адамдар аткаруу өндүрүшүндө өкүл боло алышпайт.
5. Судьялар, тергөөчүлөр, прокурорлор, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери жана сот аткаруучулар да аткаруу өндүрүшүндө өкүл боло алышпайт.
Ушул эреже көрсөтүлгөн адамдар аткаруу өндүрүшүнө өндүрүп алуучунун өкүлү, тиешелүү уюмдун карызкору же болбосо мыйзамдуу өкүл катары катышкан учурларга жайылтылбайт.
6. Эгерде аткаруу документи боюнча карызкор жеке өзү гана жасай алган иш-аракеттерди жасоого милдеттүү болсо, анда өкүлчүлүккө жол берилбейт.
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-29" title="29-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>