Аккаунтту жөндөңүз

142-берене. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу

Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 21-глава

Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

142-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.

  1. Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу 1. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу тартип комиссиясынын сунушунун негизиндеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүзөгө ашырылат. 2. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулушу жеке сот аткаруучу кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары тартылган учурда токтотулуп турат. 3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу жөнүндө чечиминде күбөлүктүн колдонулуусун токтотуп туруунун себептери жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күбөлүктүн колдонулуусун токтотуп туруу жөнүндө чечимин жеке сот аткаруучу алган күндөн тартып күбөлүктүн колдонулуусу токтотулуп турат. Токтотуп турууга себеп болгон жагдайлар четтетилгенде, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күбөлүктүн колдонулуусун калыбына келтирүү жөнүндө чечим чыгарат. 4. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жеке сот аткаруучулардын бирдиктүү реестрине киргизилген учурдан тартып жеке сот аткаруучу катары ишти жүзөгө ашырууга жана аткаруу иш-аракеттерин жасоого тыюу салууга алып келет. 5. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине жеке сот аткаруучу сот тартибинде даттана алат. 6. Жеке сот аткаруучунун ыйгарым укуктары ал мамлекеттик же муниципалдык кызматка дайындалган (шайланган) учурда анын арызы боюнча токтотулуп турат. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин бул адам жеке сот аткаруучунун ыйгарым укуктарын аткарууну кайра жаңыртышы мүмкүн. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-142" title="142-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>