Аккаунтту жөндөңүз

141-берене. Эскертүүнү чыгаруу жана аткаруу тартиби

Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 21-глава

Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

141-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.

  1. Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Эскертүүнү чыгаруу жана аткаруу тартиби 1. Эскертүү таасир этүү чарасы катары аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдарды аткаруу өндүрүшүнүн же мамлекеттин тараптарынын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирбеген, жана жеке сот аткаруучунун өзү тарабынан четтетилиши мүмкүн болгон бузуулар (мисалы, айрым аткаруу иш-аракеттерин жасоо мөөнөттөрүнүн бузулушу, иш кагаздарын жүргүзүүдөгү четтетилүүчү каталар) үчүн колдонулат. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертүү чыгаруу жөнүндөгү токтомунда төмөнкүлөр так көрсөтүлүшү керек: 1) жол берилген бузуунун жагдайлары; 2) жеке сот аткаруучу аны четтетүү үчүн жасоого милдеттүү болгон конкреттүү аракеттер; 3) бузууну четтетүү үчүн мөөнөт, ал жеке сот аткаруучу токтомдун көчүрмөсүн алган күндөн тартып беш календардык күндөн кем эмес жана отуз календардык күндөн ашык боло албайт. 3. Жеке сот аткаруучу белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен эскертүүнүн аткарылышы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эскертүүнүн аткарылышына контролдук текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-141" title="141-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>