Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
143-берене. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүзөгө ашырылат.
2. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жеке сот аткаруучунун өз каалоосу боюнча арыз берүүсү;
2) жеке сот аткаруучунун жарандыгын өзгөртүүсү же Кыргыз Республикасынын чегинен туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүүсү;
3) медициналык корутундунун негизинде ден соолугунун абалы боюнча кесиптик милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо;
4) жеке сот аткаруучуга карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) сот тарабынан жеке сот аткаруучу өлгөн деп жарыяланганда же дайынсыз жок деп таанылганда.
3. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу (жаза чарасы катары) тартип комиссиянын сунуштамасынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) жеке сот аткаруучу тарабынан мамлекеттин, жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына зыян келтирген аткаруу иш-аракеттерин жасоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир нече жолу одоно бузганда;
2) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн берүүгө негиз болгон документтерде жеке сот аткаруучу тарабынан анык эмес же атайылап бурмаланган маалыматтарды берүү фактысы аныкталганда.
4. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу жөнүндө сунуштама ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизилет.
5. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусу токтотулган жеке сот аткаруучу чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, иш кагаздарын жүргүзүүнү, архивин, учурдагы эсеп каражаттарын башка жеке сот аткаруучуга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, иш кагаздарын жүргүзүүнү, архивди, ошондой эле учурдагы эсептин каражаттарын башка жеке сот аткаруучуга өткөрүп берүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6. Жеке сот аткаруучунун ишти жүзөгө ашыруу укугу токтотулганда, карызкордон өндүрүлгөн каражаттарды жана аткаруу өндүрүшүнүн чыгымдарын жабуу каражаттарын сактоо үчүн эсептер ачылган банк мекемелери мындай эсептердеги каражаттардын калдыгын аткаруу иш-аракеттерин жасоону улантуу үчүн аткаруу өндүрүшү өткөрүлүп берилген башка жеке сот аткаруучунун эсебине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тескемесине ылайык өткөрүп берүүгө милдеттүү.
7. Жеке сот аткаруучунун ишинин токтотулушу жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Жеке сот аткаруучуларынын бирдиктүү реестрине киргизилген күндөн тартып жеке сот аткаруучу ишин токтотууга милдеттүү
8. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу 1. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүзөгө ашырылат. 2. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусу төмөнкү учурларда токтотулат: 1) жеке сот аткаруучунун өз каалоосу боюнча арыз берүүсү; 2) жеке сот аткаруучунун жарандыгын өзгөртүүсү же Кыргыз Республикасынын чегинен туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүүсү; 3) медициналык корутундунун негизинде ден соолугунун абалы боюнча кесиптик милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо; 4) жеке сот аткаруучуга карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; 5) сот тарабынан жеке сот аткаруучу өлгөн деп жарыяланганда же дайынсыз жок деп таанылганда. 3. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу (жаза чарасы катары) тартип комиссиянын сунуштамасынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт: 1) жеке сот аткаруучу тарабынан мамлекеттин, жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына зыян келтирген аткаруу иш-аракеттерин жасоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир нече жолу одоно бузганда; 2) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн берүүгө негиз болгон документтерде жеке сот аткаруучу тарабынан анык эмес же атайылап бурмаланган маалыматтарды берүү фактысы аныкталганда. 4. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу жөнүндө сунуштама ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизилет. 5. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусу токтотулган жеке сот аткаруучу чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, иш кагаздарын жүргүзүүнү, архивин, учурдагы эсеп каражаттарын башка жеке сот аткаруучуга өткөрүп берүүгө милдеттүү. Аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, иш кагаздарын жүргүзүүнү, архивди, ошондой эле учурдагы эсептин каражаттарын башка жеке сот аткаруучуга өткөрүп берүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. 6. Жеке сот аткаруучунун ишти жүзөгө ашыруу укугу токтотулганда, карызкордон өндүрүлгөн каражаттарды жана аткаруу өндүрүшүнүн чыгымдарын жабуу каражаттарын сактоо үчүн эсептер ачылган банк мекемелери мындай эсептердеги каражаттардын калдыгын аткаруу иш-аракеттерин жасоону улантуу үчүн аткаруу өндүрүшү өткөрүлүп берилген башка жеке сот аткаруучунун эсебине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тескемесине ылайык өткөрүп берүүгө милдеттүү. 7. Жеке сот аткаруучунун ишинин токтотулушу жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Жеке сот аткаруучуларынын бирдиктүү реестрине киргизилген күндөн тартып жеке сот аткаруучу ишин токтотууга милдеттүү 8. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-143" title="143-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>