Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
140-берене. Жеке сот аткаруучуларга таасир этүү чараларын колдонуу жана аларды аткаруу тартиби
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Жеке сот аткаруучуларга таасир этүү чаралары аткаруу документтерин аткаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жеке сот аткаруучулар институтунун жогорку беделин жана кесиптик этикасын колдоо максатында колдонулат.
2. Жеке сот аткаруучуга таасир этүү чараларын колдонуу төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) мыйзамдуулук - таасир этүү чарасы ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында түздөн-түз каралган негиздерде жана тартипте гана колдонулушу мүмкүн;
2) негиздүүлүк - аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактысын жана жеке сот аткаруунун күнөөсүн ырастаган жетиштүү далилдер болгондо гана таасир этүү чараларын колдонууга жол берилет;
3) адилеттүүлүк жана тең салмактуулук - колдонулуучу таасир этүү чарасы жасалган жоруктун оордугуна, аны жасоо жагдайларына, келип чыккан кесепеттерге ылайык келүүгө, ошондой эле жеке сот аткаруучунун инсандыгын жана анын мурдагы ишин эске алууга тийиш;
4) жоопкерчиликтин сөзсүз болушу - аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуунун ар бир аныкталган фактысы белгиленген тартипте каралууга тийиш;
5) күнөөсүздүк презумпциясы - жеке сот аткаруучу анын күнөөсү ушул Мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күчүнө кирген чечими менен аныкталмайынча, аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузууда күнөөсүз деп эсептелет. Күнөөнү далилдөө жүгү тартиптик өндүрүштү демилгелеген органдарга жүктөлөт.
3. Жеке сот аткаруучуга карата тартиптик өндүрүштү козгоо үчүн негиз болуп жеке сот аткаруучунун аракеттеринде (аракетсиздигинде) тартиптик жоруктун белгилеринин болушу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтын келип түшүүсү саналат. Мындай маалыматтар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аткаруу өндүрүшүнүн тараптары болуп саналган же аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө жеке сот аткаруучунун аракеттери (аракетсиздиги) менен укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон жеке жана юридикалык жактардын даттануулары;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жеке сот аткаруучунун бузган фактылары аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине чыгарылган соттордун жеке аныктамалары;
3) прокуратура органдарынын жеке сот аткаруучунун ишиндеги мыйзамдуулуктун бузулушу жөнүндөгү сунуштамалары;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн жеке сот аткаруучулардын ишин текшерүүнүн материалдары, анын жүрүшүндө тартиптик жоруктардын белгилери аныкталган;
5) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган, жеке сот аткаруучулар тарабынан мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө конкреттүү фактылар камтылган жана текшерүү жүргүзүү талап кылынган билдирүүлөр.
4. Таасир этүү чарасы жеке сот аткаруучуга тартиптик жорук табылган күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен, бирок ал жасалган күндөн тартып бир жылдан кечиктирилбестен колдонулушу мүмкүн.
5. Узакка созулган бузуу жасалган учурда (мисалы, архивди жүргүзүү боюнча милдетти аткарбоо, өндүрүлгөн каражаттарды которбоо) жаза чарасы ал аныкталган же токтотулган күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен колдонулат.
6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү материалдарды сотто кароо мезгилине, ошондой эле жеке сот аткаруучунун медициналык документтер менен тастыкталган убактылуу эмгекке жарамсыз болгон убакытка токтотулат.
7. Жеке сот аткаруучу тарабынан аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды мүмкүн болгон бузуусу жөнүндө маалыматтарды камтыган бардык материалдар (даттануулар, аныктамалар ж.б.) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталат жана келип түшкөн учурдан тартып үч жумуш күндүн ичинде тартип комиссиясынын кароосуна берилет.
8. Тартип комиссиясынын төрагасы баяндалган фактыларга алдын ала текшерүү жүргүзүүнү материалдарды алган учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн бирине тапшырат.
9. Мөөнөтү он беш жумуш күндөн ашпоого тийиш болгон алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө тартип комиссиясынын ыйгарым укуктуу мүчөсү жеке сот аткаруучудан болжолдонгон бузуунун маңызы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле тиешелүү аткаруу өндүрүшүнүн материалдарынын жана башка зарыл документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн талап кылууга укуктуу.
10. Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жеке сот аткаруучунун аракеттеринде (аракетсиздигинде) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуу белгилеринин бар же болбосо жок экендиги жөнүндө жыйынтык камтылган жүйөлөштүрүлгөн корутунду түзүлөт.
11. Корутундунун негизинде тартип комиссиясынын төрагасы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) тартиптик өндүрүштү козгоо жана ишти маңызы боюнча кароо үчүн тартип комиссиясынын жыйналышынын датасын дайындоо жөнүндө;
2) жетиштүү негиздер жок болгондо же тартиптик өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар болгондо тартиптик өндүрүштү козгоодон баш тартуу жөнүндө.
12. Ага карата тартиптик өндүрүш козголгон жеке сот аткаруучу төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) тартип комиссиясынын жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин беш жумуш күндөн кем эмес убакытта анын өткөрүлө турган датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабардар болуу;
2) даттанууну, алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуну жана башка документтерди кошуп алганда, тартиптик иштин бардык материалдары менен таанышуу;
3) өндүрүштүн кандай болбосун баскычында оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө;
4) өзүн коргоо үчүн далилдерди көрсөтүүгө, өтүнүчтөрдү, анын ичинде кошумча далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү берүүгө;
5) өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн өкүлдүн (адвокаттын) кызматынан пайдаланууга;
6) өзүнүн ишин кароодо тартип комиссиясынын жыйналышына жеке өзү катышууга.
13. Жеке сот аткаруучу жыйналыш жөнүндө талаптагыдай кабарланган жана жүйөлүү себепсиз келбеген учурда гана тартиптик өндүрүштү анын өзү жок кароого жол берилет.
14. Тартип комиссиясынын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет. Чечимдер катышып отурган мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
15. Тартиптик ишти кароонун жыйынтыгы боюнча тартип комиссиясы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) тартиптик өндүрүштү токтотуу жөнүндө (эгерде жеке сот аткаруучунун аракеттеринде тартиптик жоруктун курамы жок болсо, эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе, даттануу кайтарылып алынса ж.б.);
2) жеке сот аткаруучунун аракеттеринде (аракетсиздигинде) тартиптик жоруктун курамынын бар экендиги жана аны жоопкерчиликке тартуу зарылдыгы жөнүндө.
16. Жоопкерчиликке тартуу үчүн негиздердин бар экендиги жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, тартип комиссиясы үч жумуш күндүн ичинде жүйөлөштүрүлгөн сунуштаманы даярдайт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
17. Тартип комиссиясынын сунуштамасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдардын же кесиптик этиканын конкреттүү бузулган ченемдерин көрсөтүү менен белгиленген мыйзам бузуунун баяндалышы;
2) жеке сот аткаруучунун бузуу фактысын жана күнөөсүн ырастоочу далилдердин тизмеги жана талдоосу;
3) жеке сот аткаруучунун түшүндүрмөлөрүнүн жана тартип комиссиясы тарабынан аларга жүйөлүү баа берүүсүнүн баяндалышы;
4) жеңилдетүүчү (мисалы, жорукту биринчи жолу жасоо, анын кесепеттерин ыктыярдуу түрдө жоюу) жана оордотуучу (мисалы, кайталануу, олуттуу зыян келтирүү) жагдайлардын талдоосу;
5) жеке сот аткаруучуга тартиптик жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунуштама: эскертүү, жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулушун токтотуп туруу же токтотуу.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тартип комиссиясынын сунуштамасын жана ага тиркелген материалдарды алар келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде карайт.
19. Кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси токтом чыгарат, анда төмөнкү чечимдердин бири камтылат:
1) тартип комиссиясы сунуштаган таасир этүү чараларын жеке сот аткаруучуга колдонуу жөнүндө;
2) тартип комиссиясы сунуштагандан жумшак таасир этүү чарасын жеке сот аткаруучуга колдонуу жөнүндө;
3) тартиптик жаза колдонуудан баш тартуу жана тартиптик өндүрүштү токтотуу жөнүндө;
4) жүргүзүлгөн текшерүү толук эмес болгон же жаңы жагдайларды аныктоо зарылдыгы келип чыккан учурда материалдарды кошумча кароо үчүн тартип комиссиясына кайтаруу жөнүндө.
20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке сот аткаруучуга тартип комиссиясы өзүнүн сунуштамасында сунуш кылгандан катаал жаза колдонууга укуксуз.
21. Тартиптик жаза колдонуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү ал чыгарылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жеке сот аткаруучуга жөнөтүлөт (тапшырылат), ошондой эле маалымат үчүн тартип комиссиясына жиберилет.
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тартиптик жаза колдонуу жөнүндө токтомун жеке сот аткаруучу токтомдун көчүрмөсүн алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде даттана алат.
23. Жеке сот аткаруучунун даттануусу төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:
1) мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына;
2) административдик процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын турган жери боюнча сотко.
24. Даттануунун белгиленген мөөнөттө берилүүсү даттануу боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин эскертүү берүү, жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн токтотуп туруу же токтотуу түрүндө жаза чарасын колдонуу тууралуу токтомдун аткарылышын токтотуп турат.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-140" title="140-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>