Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Сот аткаруучунун укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Сот аткаруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аткарууга тиешелүү маселелер боюнча токтомдорду чыгарууга;
2) бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу жөнүндө токтомдорду чыгарууга, жеке сот аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) аткаруу иш-аракеттерин жасоодо келип чыккан маселелер боюнча зарыл маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү жана маалымдамаларды коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды таратууга карата мыйзамда белгиленген талаптарды сактоо менен талап кылууга. Мында органдар, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар аларды сот аткаруучуга токтоосуз берүүгө, ал эми атайын документтерди иштеп чыгуу, даярдоо талап кылынган учурларда, - үч күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү;
4) аткаруу иш-аракетин жасоого негиз болуучу аткаруу документтери түшүнүксүз учурларда сотко, актыны чыгарган башка органга же кызмат адамына түшүндүрмө үчүн кайрылууга;
5) аткаруу иш-аракеттерин жасоодо келип чыккан маселелер боюнча сотко, анын ичинде аткаруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, узартуу предметине, аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө кайрылууга;
6) жарандарды жана кызмат адамдарын өндүрүшүндө турган аткаруу документтери боюнча чакырууга;
7) менчиктин кандай болбосун формасындагы уюмдарда аткаруу документтеринин аткарылышын жана алар боюнча финансылык документтердин жүргүзүлүшүн текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
8) конкреттүү аткаруу иш-аракеттерин жасоо маселеси боюнча тапшырмаларды берүүгө;
9) карызкорго таандык мүлк бар экенин ырастаган маалыматтар болгондо карызкорлор, ошондой эле башка адамдар ээлеп турган же аларга таандык жайларга жана сактагычтарга карызкордун же башка жактардын макулдугу менен кирүүгө. Карызкордун же башка жактардын макулдугу болбогон учурда, сот аткаруучу карызкор же башка жактар ээлеп турган же аларга таандык болгон жайга же сактагычка соттук актынын негизинде кирүүгө укуктуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдөн алынган мүлктү кошпогондо, камоого алынган мүлктү белгиленген тартипте тизмелөөгө, камоого алууга, алып коюуга, сактоого өткөрүп берүүгө жана сатууга;
11) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте карызкорлордун банктарда, финансы-кредиттик уюмдарда, башка финансылык институттарда жана казыналыкта турган акча каражаттарына, салымдарына, башка баалуулуктарына жана активдерине, ошондой эле баалуу кагаздарына аткаруу документинде көрсөтүлгөн өлчөмдө камак салууга;
12) карызкордун мыйзам боюнча өндүрүүгө чегерилүүчү мүлкүн издеп табуу боюнча чараларды көрүүгө;
13) аткаруу иш-аракеттеринин өндүрүш процессинде зарыл болгон учурларда соттук приставдарга, Кыргыз Республикасынын ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына жардам үчүн кайрылууга;
14) ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу үчүн жоопкерчилик каралган фактылар боюнча сунуштарды киргизүүгө, материалдарды тиешелүү органдарга берүүгө;
15) карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине убактылуу чектөө коюуга;
151) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына издөөдө жүргөн карызкордун сүрөтүн жана маалыматтарын жайгаштырууга;
15-2) карызкорго жана анын мүлкүнө мамлекет аралык жана/же эл аралык издөө жарыялоого; 15-3) мамлекеттин кычыкчылыгында аткаруу өндүрүшүнүн алкагында эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин аймагында аткаруу иш-аракеттерин жасоого; 15-4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ишке орноштуруу жөнүндө келишим түзүлгөн уюмдарга жана мекемелерге карызкорлорду жөнөтүүгө;
16) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болууга.
2. Сот аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) аткаруу документинин реалдуу, толук жана өз убагында аткарылышы үчүн мыйзамда каралган чараларды көрүүгө;
2) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, мыйзамдын жоопкерчилик жөнүндө жоболорун түшүндүрүүгө жана алардын мыйзамда корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо жигердүү жардамдашууга;
3) аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жана алардын өкүлдөрүнө укуктарын пайдаланууга жана мыйзамда каралган милдеттерин аткарууга мүмкүндүк берүүгө;
4) ушул Мыйзамда белгиленген учурларда тараптардын аткаруу өндүрүшү боюнча арыздарын жана өтүнүчтөрүн кароого жана алар боюнча токтом кабыл алууга;
5) эгер ал жеке өзү аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына тикелей же кыйыр кызыкдар болсо, же анын кынтыксыздыгына тек туудурган башка жагдайлар болсо, өзүнүн иштен баш тартуусу жөнүндө билдирүүгө;
6) кызматтык, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого;
7) кесиптик адепти сактоого;
8) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган башка милдеттерди аткарууга.
(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 100, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2019 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу жөнүндө токтомдорду алынып салынды: чыгарууга;
кошулду: чыгарууга, жеке сот аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) аткаруу иш-аракеттерин жасоодо келип чыккан маселелер боюнча зарыл … алууга, алып коюуга, сактоого өткөрүп берүүгө жана сатууга;
11) кошулду: ушул Мыйзамда белгиленген тартипте карызкорлордун алынып салынды: банктардагы кошулду: банктарда, финансы-кредиттик уюмдарда, башка финансылык институттарда жана алынып салынды: казыналыктардагы эсептерин, кошулду: казыналыкта турган акча каражаттарына, салымдарына, башка баалуулуктарына жана активдерине, ошондой эле кошулду: баалуу кагаздарына аткаруу документинде көрсөтүлгөн өлчөмдө алынып салынды: баалуу кагаздарын камакка алууга;
кошулду: камак салууга;
12) карызкордун мыйзам боюнча өндүрүүгө чегерилүүчү мүлкүн издеп … жүргөн карызкордун сүрөтүн жана маалыматтарын жайгаштырууга;
кошулду: 15-2) карызкорго жана анын мүлкүнө мамлекет аралык жана/же эл аралык издөө жарыялоого;
15-3) мамлекеттин кычыкчылыгында аткаруу өндүрүшүнүн алкагында эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин аймагында аткаруу иш-аракеттерин жасоого;
15-4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ишке орноштуруу жөнүндө келишим түзүлгөн уюмдарга жана мекемелерге карызкорлорду жөнөтүүгө;
16) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган башка ыйгарым … 2019-жылдын 25-июлундагы № 100, 2021-жылдын 28-октябрындагы № алынып салынды: 126 кошулду: 126, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 28-июнундагы "Айтбай Абдыкадыровдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык…Постановление · 28.06.2018
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 623 "«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 25.11.2016 · № 623
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-12" title="12-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>