Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
117-берене. Аткаруу документин аткарууну камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары (кайтаруу карточкасы)
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Карызкордо аткаруу документи боюнча карызды тындыруу үчүн жетиштүү кыймылдуу же кыймылсыз мүлкү болбогон жана карызкор аткаруу документин ыктыярдуу аткаруудан качкан учурда сот аткаруучу өзүнүн демилгеси боюнча же өндүрүп алуучунун арызы боюнча карызкорго карата аткаруу документтеринин аткарылышын камсыз кылууга багытталган алдын алуу чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарат.
2. Карызкорго карата алдын алуу чараларын колдонуу сот аткаруучу тарабынан кабыл алынган токтомду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерге же уюмдарга жиберүүдө турат, алар карызкор кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоо, банктык операцияларды жасоо, карызкордун фамилиясын, атын, атасынын атын жана башка паспорттук маалыматтарын өзгөртүү боюнча кандайдыр бир операцияларды жасоо жөнүндө, юридикалык жактын жетекчи-карызкору алмашканда лотереялардан уткан утуштарын, белек, материалдык жардам же мурас катары берилген акча каражаттарды жана/же башка мүлктү берүү жөнүндө алардын дарегине кайрылган учурда тиешелүү арыз (кайрылуу) же маалымат түшкөн учурдан тартып 48 сааттын ичинде сот аткаруучуга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
3. Токтомдо ал чыгарылган күн, айы, жылы жана орду, токтомду чыгарган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, өндүрүп алуучунун жана карызкордун жеке маалыматтары, токтомду чыгаруунун негиздери, көрүлүүчү чаралар жана токтомдун колдонулуу мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
4. Аткаруу документтеринин аткарылышын камсыз кылууга багытталган карызкорго карата алдын алуу чараларын көрүү жөнүндө токтом аны аткаруу документтери өндүрүшүндө турган сот аткаруучу жокко чыгарганга чейин колдонулат.
5. Аткаруу документтеринин аткарылышын камсыз кылууга багытталган карызкорго карата алдын алуу чараларын көрүү менен бир эле убакта сот аткаруучу ошол эле токтомдо ал токтомду аткаруунун жүрүшүндө табылышы мүмкүн болгон мүлккө камоо салат.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-117" title="117-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>