186-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу эрежелери
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
Жоюучу банктын активдерин сатуудан алынган каражаттарды ушул беренеде белгиленген эрежелерге таянуу менен ушул Мыйзамдын башка талаптарын эске алуу менен төмөнкүдөй бөлүштүрөт:
1) ар бир кийинки кезектеги насыя берүүчүлөргө карызды төлөө алдында, ага чейинки кезекте турган бардык насыя берүүчүлөрдүн талаптары толугу менен канааттандырылууга тийиш;
2) бир кезекте турган насыя берүүчүлөрдү канааттандырууда бул кезекте турган бардык насыя берүүчүлөр өз ара тең укуктуу жана тиешелүү карызды пропорционалдуу төлөөдө бирдей укукка ээ;
3) эгерде кайсыл бир мүлк бир нече айкын күрөөлөрдүн жүйөсү болуп саналса, анда мындай күрөөлөр менен камсыз болгон насыя берүүчүлөрдүн ортосундагы артыкчылык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат;
4) активдерди сатуу мүмкүн болбогон учурда активдер бир кезекте турган насыя берүүчүлөргө өздөрүнүн макулдугу менен же соттун макулдугу менен карыздарды толук төлөөнүн эсебине тикелей өткөрүлүп берилиши мүмкүн;
5) күрөө менен камсыз болгон насыя берүүчүлөрдүн талаптары кезексиз тартипте канааттандырылат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
186-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-186" title="186-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>