187-берене. Күрөө менен камсыз кылынган насыя берүүчүлөрдүн талаптары
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурдан тартып банктын күрөө кармоочуларында күрөөдө турган бардык активдер жоюучунун карамагына токтоосуз түрдө өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
2. Жоюлуп жаткан банктын мүлкүнүн курамындагы күрөө жүйөсү болуп саналган мүлк өзүнчө эсепке алынат жана ал милдеттүү түрдө бааланууга тийиш.
3. Күрөө менен камсыз кылынган кредит берүүчүлөрдүн талаптары күрөө жүйөсүнүн наркынын эсебинен канааттандырылат. Эгерде күрөөнү сатуудан түшкөн каражаттар талаптын суммасын толук жабуу үчүн жетишсиз болсо, анда талаптын канааттандырылбаган бөлүгү камсыз кылынбаган талап катары каралат жана ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүк тартибинде канааттандырылууга тийиш.
4. Күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумманын үч пайызы жоюучунун административдик чыгымдарынын ордун жабууга жумшалат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
187-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-187" title="187-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>