185-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графиги
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Насыя берүүчүлөрдүн бекитилген талаптары аларды төлөө кезектүүлүгүнө ылайык категориялар боюнча бөлүштүрүлөт жана насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигине киргизилет.
2. Жоюучу тарабынан бекитилген ошол талаптар түзүлгөн тизмекке ылайык төлөөлөр насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу эрежелерин жана кезектүүлүгүн бузбаган шарттарда, жоюучу насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигин бекитет.
3. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигине киргизилген, насыя берүүчүлөрдү аныктоо жана алар менен байланышуу мүмкүн эместигинен улам, төлөнүп берилбеген суммалар жоюучунун атайын эсебинде депонирленет, ал эми эгерде бул суммаларды жоюу жол-жобосу аяктаганга чейин эч ким сурап албаса, анда алар жоюлуп жаткан банк жайгашкан жер боюнча мамлекеттик нотариустун депозитинде депонирленет.
4. Жоюучу насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу үчүн төлөөлөрдүн башталгандыгы тууралуу билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш, анда көрсөтүлгөн насыя берүүчүлөргө каражаттарды алуу үчүн кайрылуу сунуш кылынат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
185-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-185" title="185-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>