Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Улуттук банктын негизги операциялары
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июля 2018 года № 68
1. Иш максатына жетүү жана негизги милдеттерди аткаруу үчүн Улуттук банк төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө укуктуу:
1) ушул Мыйзамга ылайык банктарга насыяларды берүүгө;
2) экинчилик рынокто чектерди, жөнөкөй жана которулма векселдерди сатып алууга жана сатууга;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды экинчилик рынокто сатып алууга жана сатууга;
4) Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды жана Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга;
5) баалуу металлдарды жана валюталык байлыктардын башка түрлөрүн сатып алууга жана сатууга;
6) чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга;
7) чет өлкөлүк уюмдарды кошо алганда, банктардан, башка финансылык уюмдардан депозиттерди кабыл алууга;
8) банктарда жана башка финансы уюмдарында эсептерди ачууга;
9) банктарда, анын ичинде чет өлкөлүк банктарда корреспонденттик эсептерди ачууга;
10) ар кандай программаларды каржылоо үчүн эл аралык финансылык институттар тарабынан берилген каражаттарга байланыштуу бүтүмдөр боюнча ортомчу катары иш алып барууга;
11) Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдар менен алардын Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген шарттарда каржылоого багыттаган каражаттарына, аларды кайра сатуу милдеттенмеси менен чет өлкөлүк валютаны сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууга;
12) Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоонун алар жүзөгө ашырып жаткан долбоорлору жана программалары боюнча чет өлкөлүк валюта же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен камсыз кылуу алдында төлөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын берүүгө;
13) Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Улуттук банктын Башкармалыгы аныктаган шарттарда улуттук валютадагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берүүгө;
14) өлкөгө баалуу металлдарды жана валюталардын кандай гана түрү болбосун өлкөгө алып келүүгө жана өлкөдөн алып чыгууга;
15) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык башка банк операцияларын жүргүзүүгө.
2. Улуттук банк акы төлөнүүчү негизде айрым банк операцияларын жүргүзөт жана кызматтарды көрсөтөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн жана акынын өлчөмүн Улуттук банк, ушул Мыйзамдын 14-беренесинин жоболорун эске алуу менен өз алдынча аныктайт.
3. Улуттук банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн операцияларды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.
(КР 2018-жылдын 11-июлундагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынанбашка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын…Положение · 19.08.2015 · № 45/1
- "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобосу (КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-09/24-6-(НПА) токтому менен бекитилген)Положение · 14.06.2017 · № 09/24-6
- "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди (аманаттарды) коргоо боюнча агенттигине кредит берүү жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын…Положение · 15.08.2018 · № 2018-П-09/33-1-(НПА)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 26.04.2017 · № 17/3
- "Об утверждении Положения "О кредите последней инстанции"Постановление · 14.06.2017 · № 2017-П-09/24-6-(НПА)
- О внесении изменений в постановление Правления Национального банка "Об утверждении Положения "О предоставлении кредитов Национальным банком Кыргызской Республики международным…Постановление · 10.08.2022 · № 2022-П-09/50-1-(НПА)
Берене шилтеме берет
- 14-берене. Улуттук банктын негизги операциялары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>