19-берене. Улуттук банктын ишин уюштуруу жана анын көз карандысыздыгы
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банк өз ишин ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген компетенциянын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүргүзөт.
2. Улуттук банктын мыйзамдуу ишине мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Мамлекет Улуттук банктын өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда көз каранды эместигин кепилдейт. Улуттук банктын ыйгарым укуктарына карама-каршы келген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алууга тыюу салынат.
3. Мамлекеттик органдардын, мамлекеттик кызматчылардын жана башка адамдардын Улуттук банктын негизги милдеттерине жана ишинин максатына карама-каршы келген көрсөтмөлөрүн жана нускамаларын Улуттук банктын кызматкерлери кабыл алуусуна тыюу салынат.
4. Улуттук банк кандай гана жеке жана юридикалык жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан болбосун, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте зарыл маалыматтарды, билдирүүлөрдү жана документтерди кайтарымсыз түрдө алууга укуктуу.
5. Улуттук банкка ушул Мыйзамда каралган анын компетенциясынын чегинен тышкары иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>