14-берене. Улуттук банктын укуктук статусу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук (Борбордук) банк Кыргыз Республикасынын банкы (Кыргызстандын банкы) болуп саналат жана анын менчигинде турат.
2. Улуттук банктын укуктук статусу, иш максаты, аткаруучу иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана ушул Мыйзам тарабынан аныкталат.
3. Улуттук банк өз ишин ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүүчү жана пайда алуу максатын көздөбөгөн, өз алдынча уюштуруу-укуктук формасы бар юридикалык жак - "Кыргыз Республикасынын Борбордук банкы" болуп эсептелет.
4. Улуттук банктын жайгашкан жери - Бишкек шаары. Улуттук банк филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жактарга өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.
5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүү менен өз аталышы жазылган мөөргө ээ.
6. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербеген сыяктуу эле, Кыргыз Республикасы Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
7. Улуттук банк юридикалык жак катары өз милдеттенмелери, ага таандык болгон бардык мүлкү менен жооп берет.
8. Улуттук банк өзүнүн, мамлекеттин жана коомдун таламдарын коргоо максатында сотко кайрылууга укуктуу.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>