Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
155-берене. Жалпы жоболор
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 25-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Убактылуу администрация - ушул Мыйзамга ылайык таасир этүү чаралары катары Улуттук банк тарабынан киргизилген банкты башкаруунун жана ишинин атайын режими.
2. Убактылуу администрация төмөнкү максаттарда киргизилет:
1) активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн банкка контролду орнотуу;
2) банктагы иштин чыныгы абалын белгилөө жана анын андан аркы ишин аныктоо;
3) банктын аманатчыларынын жана башка насыя берүүчүлөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу.
3. Убактылуу администрация алты айга чейинки мөөнөткө киргизилет. Убактылуу администрациянын иштешинин мөөнөтү алты айдан көп эмес мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.
4. Убактылуу администрация Убактылуу администрациянын иштешинин мөөнөтү бүткөндө же болбосо Улуттук банктын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
5. Улуттук банктын Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө чечими белгиленген тартипте банктын башкаруу органдарына жана кызыкдар жактарга жеткирилет.
6. Улуттук банк Убактылуу администрация мезгилинде банктын лицензиясын каалаган убакта кайра чакыртып алууга жана аны мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоого укуктуу.
7. Улуттук банктын Убактылуу администрацияны киргизүү жана анын ишин токтотуу жөнүндөгү чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-155" title="155-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>