Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
156-берене. Убактылуу администрацияны киргизүүнүн негиздери
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 25-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банк төмөнкү негиздердин бири боюнча банкка Убактылуу администрацияны киргизүүгө милдеттүү:
1) банктын өздүк капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүнүн жетимиш беш пайызынан азын түзсө;
2) капиталдын шайкештик коэффициенттеринин кайсынысы болбосун Улуттук банк тарабынан белгиленген коэффициенттин өлчөмүнүн элүү пайызынан азын түзсө;
3) төлөм мөөнөтү келип жеткенден кийинки беш жумуш күндүн ичинде банк карыздык милдеттенмелер боюнча насыя берүүчүнүн укук ченемдүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүз болсо.
2. Улуттук банк төмөнкү негиздердин бири боюнча банкка Убактылуу администрацияны киргизүүгө укуктуу:
1) банк капиталга карата талаптарды бузса жана/же Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банктын финансылык абалы олуттуу начарлайт деп эсептөөсүнө негиздер бар болсо;
2) ушул Мыйзамга ылайык лицензияларды кайра чакыртып алуу үчүн кандай болбосун негиздер болсо;
3) банктын башкаруу органдарынын ортосунда анын ишинин үзгүлтүккө учурашына алып келүүчү пикир келишпестиктер болсо жана/же банктын өз ыктыяры менен жоюлушуна уруксат бербеген учурду кошкондо, банктын башкаруу органдары же кызмат адамдары өз иш-милдеттерин аткара алышпай, банкты башкарууга мүмкүн болбой калганда;
4) ушул Мыйзамда каралган башка негиздер.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-156" title="156-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>