154-берене. Улуттук банктын талабы боюнча банкты финансылык жактан чыңдоо
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банк кайсы убакыт болбосун финансылык жактан чыңдоо планында каралган чаралардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык өзүнүн каалоосу боюнча бардык башка чаралардын колдонулушун банктан талап кыла алат.
2. Улуттук банктын талабына ылайык банктын Директорлор кеңеши банкты финансылык жактан чыңдоо программасын бекитүүгө милдеттүү.
3. Улуттук банктын талабы коюлган күндөн тартып банк пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлердин алдындагы ар кандай финансылык милдеттенмелерди аткаруу тууралуу, ошондой эле эмгек акыны копшогондо, банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кандай болбосун сый акыларды төлөө тууралуу чечимдерди кабыл алууга укуктуу эмес.
4. Банкты финансылык жактан чыңдоо боюнча чаралар көрүлүп жаткан мезгилде Улуттук банк, эгерде бул банктын финансылык абалынын начарлашына же банкрот болушуна алып келе турган болсо, банктын акчалай милдеттенмеси боюнча насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга тыюу салууга же чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
154-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-154" title="154-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>