153-берене. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банкта финансылык кыйынчылыктар жана көйгөйлөр пайда болчу учурга карата Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген банкты финансылык жактан чыңдоо планы болууга тийиш.
2. Планда банктын үзгүлтүксүз жана туруктуу ишин калыбына келтирүү боюнча шайкеш чаралар, ыкмалар жана ресурстар каралууга тийиш.
3. Банк банкты финансылык жактан чыңдоо планынын шайкештигине баа берүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.
4. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы, анын ичинде жаңыртылган планы Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Банкты финансылык жактан чыңдоо планын түзүүгө жана аны жаңыртууга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.
5. Эгерде банк банктык топтун бөлүгү болуп саналса, анда анын банктык топту финансылык жактан чыңдоо боюнча кошумча планы болууга тийиш. Ушул главадагы талаптар банктык топко жайылтылат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
153-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-153" title="153-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>