Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
152-берене. Таасир этүү чараларын колдонуу жана ага даттануу тартиби
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 23-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин Улуттук банк белгилейт.
2. Банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары Улуттук банктын тиешелүү документине, эгерде анда башкача белгиленбесе, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Банкка карата колдонулган таасир этүү чаралары Улуттук банктын чечими боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.
4. Таасир этүү чарасы бузуулар табылган күндөн тартып он эки айдан кечиктирбестен колдонулушу мүмкүн.
5. Ушул Мыйзамга ылайык банктын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароодо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушу белгилүү болгондугу, ошондой эле мындай бузуулардын алдын алуу же четтетүү үчүн мүмкүн болгон бардык чаралардын көрүлгөндүгү жөнүндө, анын ичинде банктын коллегиялуу башкаруу органы тарабынан добуш берүү аркылуу чечимдер кабыл алынгандыгы тууралуу Улуттук банкка өз убагында маалымдалган фактор эске алынат.
6. Ушул Мыйзамга ылайык банктарга жана алардын кызмат адамдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары административдик жоопкерчилик чараларына кирбейт.
7. Банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу Улуттук банктын чечимине ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-152" title="152-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>