138-берене. Банк үчүн экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктар үчүн экономикалык ченемдердин жана талаптардын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;
2) өздүк (жөнгө салуучулук) капиталдын минималдуу өлчөмү;
3) капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттары;
4) бир зайымчыга же байланышы бар зайымчылар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;
5) ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү);
6) валюталык, насыялык, операциялык жана башка тобокелдиктерди чектөө жана аларды тескөө боюнча талаптар;
7) резервдерди түзүү тартибине карата талаптар;
8) Улуттук банк тарабынан белгиленген ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка түрлөрү.
2. Экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн өлчөмү жана аларды эсептөөнүн усулу Улуттук банк тарабынан аныкталат.
3. Улуттук банк тутумдук банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга карата экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка өлчөмдөрүн белгилөөгө укуктуу. Тутумдуулук статусу Улуттук банк тарабынан аныкталат.
4. Улуттук банк банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу банктар үчүн экономикалык ченемдерди жана башка милдеттүү талаптарды, ченемдерди жана лимиттерди белгилейт.
5. Банктар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
138-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- КР Улуттук Банк башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/15 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик…Постановление · 18.03.2022 · № 2022-П-09/16-1-(БС)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 23-марты № 2022-П-12/17-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө…Постановление · 23.03.2022 · № 2022-П-12/17-6-(НПА)
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана…Постановление · 11.03.2022 · № 2022-П-09/14-1-(БС)
- КР Улуттук Банкы 2022-жылдын 11-апрелиндеги № 2022-П-09/21-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-мартындагы № 2022-П-09/16-1-(БС) «Кыргыз…Постановление · 11.04.2022 · № 2022-П-09/21-1-(БС)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-138" title="138-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>