137-берене. Банктык көзөмөл жүргүзүү максаттары үчүн маалымат жана документтер
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банк, анын кызмат адамдары жана башка кызматкерлер, банктын акционерлери жана банк менен байланыштуу жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана башка каалаган маалыматтарды өз учурунда берип турууга милдеттүү.
2. Ушул Мыйзамга ылайык банк көзөмөлүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, Улуттук банк тарабынан алынган жана банктык сырга жатпаган маалымат жана документтер купуя маалымат болуп саналат жана алар жарыяланууга же кимдир бирөөгө берилүүгө тийиш эмес.
3. Улуттук банктын купуя маалыматтарга жеткиликтүүлүгү бар кызматкерлерине жана башка жактарга, ушул Мыйзамда белгиленген тартиптен тышкары, башка жол менен аларды ачыкка чыгаруусуна тыюу салынат.
4. Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон банктык топтун ишине тиешелүү маалыматтарды берүү тартибин алар үчүн аныктап берүүгө укуктуу.
5. Улуттук банктын насыялык регистрин кошо алуу менен Улуттук банк маалымат базасын түзөт. Насыялык регистрди түзүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
137-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-137" title="137-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>