Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
109-берене. Банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттери
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктын кызмат адамдары банктын мыкты таламында ак ниеттүү жана акылга сыярлык иштөөгө милдеттүү, бул алар тарабынан төмөнкү талаптардын сакталышын болжолдойт:
1) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын жана банктын уставынын талаптарын сактоо менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенүү;
2) берилген ыйгарым укуктарды алар көздөп берилген максаттарда колдонуу;
3) алгылыктуу мөөнөттөрдө жеткиликтүү маалыматтарды алуу үчүн мүмкүн болушунча күч-аракеттерди жумшагандан кийин жеке квалификациясынын жана иш-тажрыйбасынын негизинде ойлонулган чечимдерди кабыл алуу;
4) таламдардын кагылышына жол бербөө боюнча талаптарды сактоо, таламдардын кагылышы келип чыккандыгы тууралуу банктын башкаруу органдарына өз учурунда билдирүү;
5) бир акционердин таламын башкалардын таламынан жогору койбостон акционерлерге карата теңдештик принциптерин сактоо;
6) бардык белгилүү болгон банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч келтирген инциденттер жөнүндө банктын башкаруу органдарына билдирүү.
2. Улуттук банк банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине карата башка талаптарды белгилөөгө укуктуу.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-109" title="109-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>