Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
108-берене. Кынтыксыз кызматтык аброй
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктын олуттуу катышуучулары жана алардын аффилирленген жактары, банктын кызмат адамдары, ошондой эле банк менен байланышкан жактар ушул Мыйзамга ылайык кынтыксыз кызматтык абройго ээ болууга тийиш.
2. Жак (жеке же юридикалык) төмөнкү учурларда кынтыксыз кызматтык абройго ээ эмес же андан ажыраган деп эсептелет:
1) эгерде экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн алып салынбаган же тындырылбаган соттуулугу бар болсо;
2) эгерде өзү мажбурлап жоюлууга, банкроттукка дуушар болсо же сот тарабынан юридикалык жактын олуттуу катышуучусу же башкаруу органынын мүчөсү катары анын аракеттери же аракетсиздиги банкроттукту кошо алганда, мажбурлап жоюлууга алып келген деп таанылган болсо;
3) эгерде соттун чечими боюнча банктык, финансылык, аудитордук, камсыздандыруу жана инвестициялык чөйрөлөрдө ишти жүргүзүүгө укуксуз же Улуттук банктын чечими боюнча банк чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө укугу жок болсо;
4) эгерде жак соттун чечими боюнча иштин башка чөйрөлөрүндө кынтыксыз кызматтык аброюнан ажыраса;
5) эгерде кызмат адамы Улуттук банктын Башкармалыгынын же Көзөмөл боюнча комитетинин же чет өлкөнүн банктык көзөмөл боюнча компетенттүү органынын чечими боюнча банкка карата таасир этүү чарасын колдонуу тартибинде ээлеген кызматынан бошотулса;
6) эгерде жак банктын капиталына чектүү катышууга ээ болуусу боюнча ушул Мыйзамдын талаптарын бузууга атайылап жол берсе;
7) эгерде өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча аткарылбаган соттук чечим бар болсо;
8) эгерде жак Улуттук банкка атайылап такталбаган маалыматтарды жана документтерди берсе.
3. Таасир этүү чарасын колдонуу тартибинде кызматынан бошотулганганына байланыштуу кынтыксыз ишкердик аброюн жоготкон банктын кызмат адамдары чектөөлөр белгиленген мөөнөт ичинде: Улуттук банктын чечими күчүнө кирген күндөн тартып 5 жана андан көп жыл аралыгында Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат орундарына кайрадан талапкер боло алышпайт. Кынтыксыз ишкердик абройду жоготуу себептерине жараша чектөөлөрдүн айкын мөөнөтү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.
4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн жак деп Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин ар кандай жеке жана юридикалык жактары түшүнүлөт. Мыйзамдар, соттор жана компетенттүү органдар деп Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мыйзамдары, сот жана компетенттүү органдары түшүнүлөт.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №…Положение · 02.09.2019 · № 2019-П-14/46-1(ПС)
- КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2022-жылдын 27-апрелиндеги N 2022-П-14/27-3-(ПС) (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 27.04.2022 · № 2022-П-14/27-3-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына…Постановление · 27.04.2022 · № 2022-П-12/27-4-(ПС)
- КР Улуттук Банкы 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2022 · № 2022-П-14/27-3-(ПС)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-108" title="108-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>