110-берене. Таламдардын кагылышуусуна жол бербөө
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктын Директорлор кеңеши банк ишинин бардык деңгээлинде таламдардын каршы келип калышын идентификациялоо жана ага жол бербөө боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш.
2. Банк таламдардын кагылышуусуна байланышкан банктын ишиндеги ыктымалдуу коркунучтар жөнүндө банктын жетекчилигине маалымдоо жол-жоболоруна ээ болууга тийиш.
3. Банктын кызмат адамы кызматка дайындалганга (шайланганга) чейин жакын туугандарынын тизмесин банкка берүүгө милдеттүү. Банк менен өзүнүн ортосунда таламдардын кагылышы келип чыккандыгы жөнүндө билген кызмат адамы же банк кызматкери ал тууралуу банктын Башкармалыгына жана/же Директорлор кеңешине дароо билдирүүгө милдеттүү.
4. Банк орун алган таламдардын кагылышуусу жөнүндө маалымат базасын жүргүзүүгө тийиш.
5. Таламдардын кагылышуусунун өз учурунда аныкталбагандыгы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
110-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-110" title="110-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>