Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, „Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИТОКТОМ 2016-жылдын 16-декабры № 203 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 394-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"394-статья. Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда камакта кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды берүү Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда камакта кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды берүү, - жарандарга - тыюу салынган предметтерди жана заттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - тыюу салынган предметтерди жана заттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3941-статья менен толукталсын:
"3941-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана ага жанаша жайгашкан аймакта кароо жүргүзүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткарбоо Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана ага жанаша жайгашкан аймакта болгон адамдарга, алардын буюмдарына жана транспорт каражаттарына кароо жүргүзүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткарбоо, - жеке адамдарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3) 5561-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун отузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жазык-аткаруу тутумунун чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (394, 3941-статьялар);".
2-берене. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
2) 5-статьяда "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
3) 14-статьяда:
а) аталышында "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
б) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине:";
4) Ушул Мыйзамдын тиркемесиндеги "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдары" деген графа "ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин жазык-аткаруу тутумунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндөЗакон · 06.04.1999 · № 35
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 906-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө…Постановление · 21.09.2016 · № 906-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 1002-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө…Постановление · 20.10.2016 · № 1002-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1083-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине…Постановление · 16.11.2016 · № 1083-VI
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 323 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик…Постановление · 15.06.2016 · № 323 · Күчүн жоготкон