Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-июну № 323 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору. 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 394-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"394-статья. Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды берүү Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды берүү, - жарандарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - тыюу салынган предметтерди жана заттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 394-1-статья менен толукталсын:
"394-1-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана ага жанаша жайгашкан аймакта кароо жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарды аткарбоо Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагындагы жана ага жанаша жайгашкан аймактагы адамдарга, алардын буюмдарына жана транспорт каражаттарына кароо жүргүзүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын адамдардын аткарбоосу, - жеке адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 556-1-статьянын отузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жазык-аткаруу тутуму чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (394, 394-статьялар);". 2-берене. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3 жана 5-статьялардагы, 14-статьянын аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул Мыйзамдын тиркемесинин "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдары" графасы "Ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", жазык-аткаруу тутумунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 906-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө…Постановление · 21.09.2016 · № 906-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 1002-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө…Постановление · 20.10.2016 · № 1002-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1083-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине…Постановление · 16.11.2016 · № 1083-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык…Закон · 16.12.2016 · № 203
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндөЗакон · 06.04.1999 · № 35
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон