1-берене
Күчүндө · 16.12.2016 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 394-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"394-статья. Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда камакта кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды берүү Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда камакта кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды берүү, - жарандарга - тыюу салынган предметтерди жана заттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - тыюу салынган предметтерди жана заттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3941-статья менен толукталсын:
"3941-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана ага жанаша жайгашкан аймакта кароо жүргүзүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткарбоо Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана ага жанаша жайгашкан аймакта болгон адамдарга, алардын буюмдарына жана транспорт каражаттарына кароо жүргүзүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткарбоо, - жеке адамдарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3) 5561-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун отузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жазык-аткаруу тутумунун чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (394, 3941-статьялар);".
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111485/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>