Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене
Күчүндө · 16.11.2022 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-берененин 1-бөлүгү "Жогорку Кеңештин жыйналышында" деген сөздөрдөн мурда "Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 15-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаты мамлекеттик бийлик органдарына, өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга суроо-талап жөнөтүүгө укуктуу, алар бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жооп берүүгө милдеттүү.";
б) 3-бөлүгүндө "органдарына жана алардын кызмат адамдарына" деген сөздөр "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүгү "сырды" деген сөздөн кийин ", мыйзам менен корголгон башка сырды" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 6-бөлүгүндө "Мамлекеттик" деген сөз "Аткаруу" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 16-берененин 1-бөлүгү "Жарандардын укуктары" деген сөздөрдөн мурда "Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
4) 21-беренеде:
а) биринчи абзацында "Жогорку Кеңештин" деген сөздөр "1. Жогорку Кеңештин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттанылган депутатка кайрылуу, ушул соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттануу тартибин түшүндүрүү менен, кайрылууну жиберген жаранга кайтарылып берилет.";
5) 22-берененин биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жогорку Кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин же анын органдарынын тапшырмасы боюнча, каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мыйзамдарды аткаруусун текшерүүгө катышат.";
6) 27-берененин биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери Жогорку Кеңештин депутатынын кайрылуусу боюнча шайлоочулар менен иштөөнү уюштурууга зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.".
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Баткен шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 01-8/2 «Баткен шаардык кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат Давлятбек у Чыңгыздын арызын кароо жана…Постановление · 01.02.2018 · № 01-8/2
- Баткен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 01-08/5 "Баткен шаардык Кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат М.К.Шералиевдин арызын кароо жана «Өнүгүү…Постановление · 19.03.2018 · № 01-08/5
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111430/st-3" title="3-берене - Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>