2-берене
Күчүндө · 16.11.2022 редакциясы
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-статьянын 2-пункту "каралуучу кайрылуулардан" деген сөздөрдөн кийин ", судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштөн" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 9-статьяда:
а) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттанылган кайрылуу, ушул соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттануу тартибин түшүндүрүү менен, кайрылууну жиберген жаранга кайтарылып берилет.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Каралган кайрылуулар жооптордун көчүрмөлөрү менен, аларды сактоонун мөөнөттөрүн көрсөтүү менен архивге сактоого өткөрүп берилет.";
3) 11-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жеткиликтүүлүгү мыйзамдар менен чектелген маалыматтарды, ошондой эле жарандын жеке жашоосуна тиешелүү маалыматтарды, анын макулдугусуз жарыялоого жол берилбейт.";
4) 17-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же кызмат адамынын кайрылууну кароодон укук ченемсиз баш тартууларына, же негизсиз жоопту же анык эмес маалыматтарды бергенине байланыштуу жарандын тарткан чыгымдары мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан же кызмат адамынан соттун чечими боюнча өндүрүп алынышы мүмкүн.".
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111430/st-2" title="2-берене - Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>