Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьянын 3-пунктунда:
а) он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде.";
2) 9-статьянын 11-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенцияларынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында:";
3) 15-статьянын биринчи абзацында "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан" деген сөздөр "органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 20-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ушул статьянын биринчи пунктунда көрсөтүлгөн атайын мекемелерди түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон каржылык каражаттарды бөлүп берет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардан ушул статьянын биринчи пунктунда көрсөтүлгөн атайын мекемелерди түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүп берет.".
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүЗакон · 17.03.2005 · № 55
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111378/st-2" title="2-берене - Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>