44-берене. Бюджет аралык мамилелердин жалпы жоболору
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 8-глава
1. Бюджет аралык мамилелер - бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономикалык жана бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу, бюджеттик процессти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамилелердин жыйындысы.
2. Бюджет аралык мамилелер мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды чектөөгө, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди жана чыгашаларды бөлүштүрүүгө, бюджеттик жөнгө салуу методологиясынын жана критерийлеринин бирдиктүүлүгүнө негизделген.
3. Тиешелүү бюджеттерде каралган кирешелердин айрым түрлөрүн башка бюджетке өткөрүп берүү ушул Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенде гана жүзөгө ашырылат.
4. Бюджеттик жылдын аягында түзүлгөн жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелер, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн суммалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө калат. Көрсөтүлгөн кирешелер алып коюуга жатпайт жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларына ылайык кезектеги бюджеттик жылда жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын жүзөгө ашырууга пайдаланылат.
5. Бюджет аралык мамилелердин саясаты, жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерин өзгөртүү стратегиясын кошуп алганда, Фискалдык саясаттын негизги багыттарында аныкталат.
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (17)
- Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жана чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу тартиби боюнча методикалык…Методические указания · 04.08.2023 · № 385
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 385 "Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча…Постановление · 04.08.2023 · № 385
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 99 "Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражаттарды бөлүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.12.2022 · № 99
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 91 "Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошума акча каражаттарды бөлүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2022 · № 91
- Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майы №135 "Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2023 · № 135
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 48 "Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.06.2022 · № 48
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 77 "Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2022 · № 77
- Биринчи май айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 134 "01.01.2023-жылга карата бюджет боюнча 900,0 миң сом. акча каражаттын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2023 · № 134
- Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 1-28/9 "2023-жылга бюджеттин 2024-2025 жылдарга кирешелер болжолун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2023 · № 1-28/9
- Тош-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылы 06-октябрындагы № 28-26/25 "2023-жыл бюджеттик жана атайын эсеп боюнча киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планын көбөйтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.10.2023 · № 28-26/25
- Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 01-4/30 "2023-жылга бюджеттик эсептин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планын көбөйтүү жөнүндө"…Постановление · 11.10.2023 · № 01-4/30
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-марты № 01-7/14 "ААРге байланыштуу планды тактоо жөнүндө" токтомуПостановление · 07.03.2024 · № 01-7/13
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/02 "2025-жылга бюджетти жана 2026–2027-жылдарга карата болжолдуу планды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2025 · № 01-7/02
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январы №01-7/02 "2026-жылга бюджетти бекитүү жана 2027–2028-жылдарга болжолу тууралуу" токтомуПостановление · 23.01.2026 · № 01-7/02
- Жаны-Жер айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январы № 13-27/1 «2018-жылдын бюджетинин бекитилиши 2019-2020 жылдардын болжол кирешеси» токтомуПостановление · 31.01.2018 · № 13-27/1
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 2 февраля 2018 года № 76 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении…Постановление · 02.02.2018 · № 76
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 12.09.2017 · № 553
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-44" title="44-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>