Ош шаардык кеңешинин «Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 30-майы №135
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы Т.Кайымовдун жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 16-майындагы №10 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен төмөнкү иш-чараларга акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-10,0 миң сом акча каражаты Ак-Тилек кичи районунун №9 көчөсүнүн №29 үйүнүн тургуну Ж.Абдылдаевдин бутуна операция жасоо үчүн материалдык жардам иретинде; -10,0 миң сом акча каражаты “Достук” кичи районунун М.Абжалов көчөсүнүн №97 үйүнүн №4 батиринин тургуну Ж.Бегимкуловдун боорун алмаштыруу үчүн материалдык жардам иретинде; -100,0 миң сом акча каражаты Арек айылынын Жусубалиев көчөсүнүн тургуну А.Жолдошеванын дарылануусуна материалдык жардам иретинде; -30,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын “Достук” кичи районунун №53 көчөсүнүн №50 үйүнүн тургуну М.Садыкованын дарылануусуна материалдык жардам иретинде.
2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттардын мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага
С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59