Ош шаардык кеңешинин «Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (V чакырылыш) 2022-жылдын 15-июну № 48 Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 22-апрелиндеги №08-13/694 өзүнчө резервдик ротананын өздүк курамын кийимдер жана тамак аш менен камсыз кылууга, ошондой эле резервдик роталардын жана кабыл алуу пунктунун иш кагаздарына, шаймандарына керектелүүчү каражаттарды сатып алууга 681200 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 2022-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бөлүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 10-майындагы №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен 681200 сом акча каражатын өзүнчө резервдик ротананын өздүк курамын кийимдер жана тамак-аш менен камсыз кылууга, ошондой эле резервдик роталардын жана кабыл алуу пунктунун иш кагаздарын жүргүзүүгө керектелүүчү шаймандарды жана кеңсе буюмдарды сатып алуу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарды мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага
С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59