Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражаттарды бөлүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-декабры № 99
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражаттарды бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыровдун Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 25-ноябрындагы №32 жана 12-декабрындагы №36 чечимдерин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен төмөнкү иш-чараларга акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-600,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын техникалык жана кичи тейлөө кызматкерлеринин кышка даярдык көрүүсүнө материалдык жардам катары; 150,0 миң сом акча каражатын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу ДЭУ-21 участкасынын Бакыт көчөсүнүн тургуну Т.Эшиеванын, 2008-жылы туулган кызы Эшиева Сезимай сколиоз оорусу менен ооругандыгына байланыштуу Индия мамлекетинде операция жасатууга материалдык жардам катары.
2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттардын мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага
С.С. Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59