Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 17-июну № 106 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 25-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 83-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жана сот тутумунун" деген сөздөр алып салынсын;
2) 92-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "бийлиги" деген сөз "тутуму" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Пикир келишпестиктер болгондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тутумунун бюджетинин долбоорун Өкмөттүн кеңешине жиберет. Судьялар кеңешинин өкүлдөрү жана Өкмөттүн кеңеши кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин 7 айдан кечиктирбестен макулдашуу жол-жобосун өткөрүүгө жана аяктоого милдеттүү. Макулдашууга жетишилген учурда, Судьялар кеңеши макулдашылган сунуштарды эске алуу менен сот тутумунун бюджетинин долбоорун жеткире иштеп чыгат жана Өкмөткө киргизет. Макулдашууга жетишилбеген учурда, Судьялар кеңешинин сунуштары жана Өкмөттүн сот тутумунун бюджетинин долбоору боюнча корутундусу бир убакытта Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Тиешелүү жылга республикалык бюджетти түзүүдө сот тутумунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн көлөмү Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана мурдагы жылдын бекитилген көрсөткүчтөрүнөн төмөн болушу мүмкүн.";
3) 107-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Учурдагы каржылык жылга сот тутумун каржылоого мыйзам менен каралган бюджеттик каражаттарды секвестрлөөгө Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.".
2-берене. Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 33 "Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.09.2023 · № 33
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.