1-берене
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) 4-бөлүгүндө "акысыз" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган адамдарга, шашылыш (токтотуусуз) медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.";
2) 8-статьянын 3-бөлүгүндө "акысыз" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-статьяда:
а) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмегине киргизилген дары-дармек каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү көлөмдө камсыз кылууга;";
б) сегизинчи абзацында "акысыз" деген сөз алып салынсын.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндөЗакон · 04.10.2000 · № 83 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111332/st-1" title="1-берене - Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>