3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же кызматкери;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар;
3) текшерүү - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруусу жана сактоосу боюнча мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн кандай гана болбосун формасы;
4) текшерүүнүн предмети - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алар тарабынан сакталышы;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар, алардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик органдар, алардын тизмегин Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 1641-VII "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу…Постановление · 29.11.2023 · № 1641-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 19.06.2023 · № 309
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябры № 656 "Текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар чөйрөсүндө Кыргыз…Постановление · 10.10.2025 · № 656
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 5-марты № 260-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 05.03.2026 · № 260-VIII
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин…Постановление · 22.07.2025 · № 436
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-3" title="3-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>