2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 мая 2020 года № 54
1. Ушул Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнө байланышкан мамилелерди жөнгө салат, текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерде тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралган эрежелерден башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
3. Ушул Мыйзам менен төмөнкүлөр белгиленет:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү принциптер жана чектөөлөр;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууну уюштуруунун бирдиктүү тартиби жана жол-жобосу;
3) текшерүүлөрдү прокуратура органдары менен макулдашуунун тартиби;
4) текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар.
4. Ушул Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү төмөндөгүлөр жүргүзгөндө текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жана жол-жобосун жөнгө салбайт:
1) кылмыш-жаза, администрациялык, жарандык, аткаруу сот өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттик органдар;
2) өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишке ашыруусун контролдоонун алкагында мамлекеттик органдар;
3) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;
4) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
5) контролдук функцияларды жүзөгө ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жана анын органдары.
6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча салык кызматынын органдары.
(КР 2020-жылдын 13-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"Редакцияларды салыштыруу
13.05.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жана анын органдары. кошулду: 6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча салык кызматынын органдары. (КР 2020-жылдын 13-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-2" title="2-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>