4-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруунун негизги принциптери
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 1-глава
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишиндеги мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана айкындык;
2) текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматтык этиканын нормаларын сактоосу;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүүсүн республикалык бюджеттин каражаттарынан гана финансылоо;
4) сакталуусу текшерилүүгө жаткан милдеттүү талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттүү түрдө маалымдоосу;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишпөө;
6) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгү жана ыкчамдыгы, текшерүүлөрдү белгиленген мөөнөттүн ичинде толук жана максималдуу тездикте жүзөгө ашыруу;
7) милдеттүү талаптарды белгилеген мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана дал келбестиктерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каршы пайдаланууга жол берилбестик.
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-4" title="4-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>