28-берене. Арызга коюлуучу жалпы талаптар
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 5-глава
1. Арыз администрациялык органга жазуу жүзүндө же оозеки формада берилет. Оозеки формадагы арыз администрациялык органдын протоколунда чагылдырылат:
2. Жазуу жүзүндөгү арыз жана протокол төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) арыздануучунун фамилиясын, атын, атасынын атын; юридикалык жактын толук аталышын;
2) арыздануучунун, юридикалык жактын дарегин;
3) арыз берилген администрациялык органдын аталышын;
4) арыз менен коюлуучу негизделген талапты (арыздын предметин);
5) арыз берүү күнүн, айын жана жылын;
6) арыздануучунун колтамгасын; юридикалык жактын жетекчисинин юридикалык жактын мөөрү менен ырасталган колтамгасын.
Эгерде мыйзамдар менен так документтерди тиркөө талап кылынса, анда алар арызга тиркелүүгө тийиш. Эгерде административдик акт үчүн мамлекеттик алым же башка милдеттүү жыйым төлөө мыйзам менен каралса, анда алардын төлөнгөнүн ырастаган документ берилүүгө тийиш. Эгерде арыз өкүл аркылуу берилсе, анда мыйзам менен белгиленген тартипте берилген ишеним кат да берилүүгө тийиш.
3. Арыз администрациялык органга почта аркылуу, мыйзамда каралган башка ыкма менен жиберилет.
4. Эгерде анда ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарында каралган маалыматтар болсо жана эгерде ушул Мыйзам ушул берененин 2-бөлүгүнүн бардык пункттарын сактоо менен берилишин талап кылбаса, арыз администрациялык органда жүргүзүлгөн жеке кабыл алуу убагында кабыл алынат.
5. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 5-бөлүгү менен каралган учурларда, оозеки арыз администрациялык орган тарабынан протоколдо чагылдырылбайт.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-28" title="28-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>