Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-берене. Арызды кабыл алуу жана кайтарып берүү
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 5-глава
1. Администрациялык орган кандай гана арыз болбосун кабыл алууга тийиш.
2. Эгерде арызда формалдуу кемчиликтер, анын ичинде ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык келбөөлөр табылса, анда администрациялык орган ага бул өксүктөрдү оңдоо мүмкүнчүлүгүн берүү менен, аларды арыз берүүчүгө көрсөтөт. Бул эреже кемчиликтер даана грамматикалык, арифметикалык каталар, чийүүлөр, булгоолор жана башка көз көрүнө так эместиктер менен байланышкан учурларга жайылтылбайт.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболору мындай каталарды, чийүүлөрдү жана булгоолорду четтетүү укугу жүктөлгөн ал документтерди кабыл алган же берген органга жайылтылбайт.
4. Эгерде арызга мыйзамда талап кылынган документтер тиркелбесе, анда администрациялык орган арыздануучуга мындай документтерди он жумушчу күндүн ичинде берүүнү сунуш кылат.
5. Эгерде арыздануучу тарабынан кемчиликтер ушул берененин 2 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө четтетилбесе, администрациялык орган арызды кайтарып берет.
6. Арызды кайтарып берүү жол берилген кемчиликтер четтетилгенден кийин аны менен жалпы тартипте экинчи жолу кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
7. Арыздануучу администрациялык орган тарабынан арызды кайтарып берүү менен макул болбогон учурда, ал чечим ушул Мыйзамдын 10 жана 11-главаларына ылайык даттанылышы мүмкүн. Арызды кайтарып берүү укукка сыйбайт деп таанылганда, ал алгачкы кайрылган күндө берилди деп эсептелет.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-29" title="29-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>