Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
27-берене. Административдик жол-жобо козгоонун негиздери
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 5-глава
1. Административдик жол-жобо козгоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) жактын арызы;
2) компетенттүү администрациялык органдын демилгеси.
2. Арыз ушул Мыйзамдын 29, 30-беренелерине ылайык арыздануучуга кайтарылып берилген, компетенттүү администрациялык органга кайра даректелген же кароосуз калтырылган учурларды кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда, тиешелүү арыз администрациялык органга келип түшкөн күндөн тартып административдик жол-жобо козголду деп эсептелет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда, административдик жол-жобо администрациялык органдын демилгеси боюнча административдик актыны кабыл алууга жиберилген ошол аракет (ошол аракеттер) башталган күндөн тартып козголот.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, ушул Мыйзамдын 4-6-главаларынын тиешелүү жоболору колдонулат. Даттанууну берүүгө тиешелүү бөлүгүндө, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда 4-6-главаларынын жоболору менен катар ушул Мыйзамдын 10 жана 11-главаларынын жоболору да колдонулат.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-27" title="27-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>