17-берене. Административдик жол-жобонун баскычтары
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 4-глава
1. Административдик жол-жобо өз ара байланышкан баскычтардан: жол-жобону козгоодон, кароодон жана аяктоодон турат.
2. Административдик жол-жобо жактын (жактардын) арызынын же администрациялык органдын демилгесинин негизинде козголот.
3. Административдик иш ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте каралууга жатат.
4. Административдик актыны кабыл алуу административдик жол-жобонун аяктоочу баскычы болуп саналат.
5. Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан чукул учурларда, ошондой эле пайда болгон зыяндуу кесепеттерди четтетүү үчүн же мыйзамда каралган башка учурларда административдик жол-жобо административдик актыны кабыл алуу менен гана чектелиши мүмкүн.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-17" title="17-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>