Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-берене. Административдик жол-жобону протоколдоштуруу
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 4-глава
1. Эгерде административдик жол-жобону жүзөгө ашыруу ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 19-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен жыйналыш формасында жүргүзүлсө, анда администрациялык орган жыйналыштын протоколун жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Протокол төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу администрациялык органдын аталышын;
2) административдик жол-жобону жүзөгө ашыруунун ордун жана датасын;
3) ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 19-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын ушул иштеги статусун (арыздануучу, кызыкдар жак, күбө жана у.с);
4) каралып жаткан маселенин мазмунун;
5) административдик жол-жобонун катышуучуларынын сүйлөгөн сөздөрүнүн кыскача баяндамасын;
6) жыйналыштын натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимди.
Протокол башка кошумча маалыматтарды да камтышы мүмкүн.
3. Эгерде жыйналыш танапис менен жүргүзүлсө, анда бул жөнүндө протоколдо көрсөтүлүүгө тийиш. Бир нече жыйналыш өткөрүлгөндө алардын ар бирине өзүнчө протокол түзүлөт.
4. Протоколду төрагалык кылуучу тарабынан аныкталган жыйналыштын катчысы жүргүзөт. Протоколго жыйналыш аяктагандан кийин жыйналышка төрагалык кылуучу, катчысы токтоосуз кол коет.
5. Арыздануучу, кызыкдар жак протокол менен таанышууга жана ага өзүнүн сын-пикирлерин берүүгө укуктуу. Сын-пикирлерди четке кагуу жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-26" title="26-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>