15-берене. Көз каранды эмес эксперттер
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүнө жүргүзүлгөн баалоо боюнча карама-каршылыктар болгондо камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу же камсыздандыруучу көз каранды эмес эксперттерди ишке тартат.
2. Көз каранды эмес эксперттер камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга карата теңдик, бейтараптык жана калыстык принциптерине негизденүү менен, он календардык күндүн ичинде милдеттүү камсыздандырууга байланышкан, турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн баалоону жүргүзүүгө милдеттүү.
3. Көз каранды эмес эксперттер - өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайларды милдеттүү камсыздандырууга байланышкан, турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн баалоону жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен, камсыздандырып ордун толтурууну эсептеп чыгуунун методикасын жетекчиликке алууга, өз ишин жүзөгө ашырууга укугун бышыктаган документтерге ээ болууга милдеттүү жана маалыматтардын аныктыгы жана баалоо актысын түзүүнүн тууралыгы үчүн кылмыш-жазалык жана жарандык чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартууга милдеттүү.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы № 49 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.02.2016 · № 49 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111253/st-15" title="15-берене - Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>