14-берене. Камсыздандыруучунун камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн баш тартышы жана бошотулушу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Камсыздандырып ордун толтурууну камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) төлөп берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат.
1) эгерде камсыздандыруу окуясы болгонго чейин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу токтотулса;
2) камсыздандыруу окуясы милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө киргенге чейин болсо;
3) камсыздандырылган турак жайдын жок болушу же зыянга учуроосу камсыздандыруу окуясына тиешеси жок себептерден улам келип чыкса;
4) милдеттүү камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) шарттарына ылайык камсыздандыруу сый төлөмдөрү төлөнбөсө;
5) милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган негиздер боюнча арзыбас келишим болуп саналса;
6) эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылган, кылмыштуу жол менен алынган турак жай кылмыштын предмети болсо же конфискацияланууга жатса;
7) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурга карата камсыздандыруу объектиси болбосо;
8) камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин жараксыз деп таануу жөнүндө, же болбосо милдеттүү камсыздандыруу келишимин бузуу жөнүндө төмөндөгүдөй негиздер боюнча доо койсо:
а) камсыздандыруу окуясынын шарттарын изилдөөгө же келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоого камсыздандырылуучу же пайда табуучу тоскоолдук кылганда,
б) камсыздандыруу окуясы болгон учурга карата камсыздандырылган мүлктү сактоо кызыкчылыгы камсыздандырылуучуда жана пайда табуучуда болбогондо түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими болгондо;
в) эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга атайылап жалган маалыматтарды бергендиги тастыкталганда.
2. Эгерде камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө камсыздандыруучу өз учурунда билгендиги далилденбесе, же болбосо бул жөнүндө камсыздандыруучуда маалыматтын болбогондугу анын камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү милдеттерине таасир тийгизбесе, ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 6-пунктунда каралган милдеттенмелерди камсыздандырылуучунун аткарбагандыгы камсыздандыруучуга камсыздандырып ордун толтурууларды төлөөдөн баш тартууга укук берет.
3. Камсыздандыруучу төмөндөгүдөй негиздер боюнча камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн бошотулат:
1) зарыл коргонуу, өтө зарылдык абалында атайын жасалган учурларды кошпогондо, эгерде камсыздандыруу окуясы камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атайылаган ниетинин же болбосо одоно этиятсыздыгынын натыйжасында болсо;
2) эгерде ушул камсыздандыруу окуясы ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн окуялардын натыйжасында келип чыкса;
3) камсыздандырылган мүлктүн сот органдарынын чечими жана мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескемеси боюнча алып коюлгандыгынын, конфискациялангандыгынын, реквизициялангандыгынын, мүлккө камак салынгандыгынын же мүлктү жок кылуунун натыйжасында келип чыккан чыгымдар болсо.
4. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда табуучу) камсыздандыруучу ордун толтурган чыгашалар үчүн жоопкер адамга карата талап коюу укугунан баш тартса же камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) күнөөсү боюнча ошол укукту жүзөгө ашырууга мүмкүн болбосо, камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн толук төлөөдөн же тиешелүү бөлүгүн төлөөдөн бошотулат жана ал ордун толтуруунун ашыкча төлөнүп берилген суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
5. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган башка учурларда камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартууга укуктуу, же болбосо камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 30-июнундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июня 2021 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий""Редакцияларды салыштыруу
30.06.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берүү милдеттерине таасир тийгизбесе, ушул Мыйзамдын 9-беренесинин алынып салынды: 2-бөлүгүнүн 6-пунктунун "а" пунктчасында кошулду: 6-пунктунда каралган милдеттенмелерди камсыздандырылуучунун аткарбагандыгы … болбосо камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.
кошулду: (КР 2021-жылдын 30-июнундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111253/st-14" title="14-берене - Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>