Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 сентября 2023 года № 473 "Об утверждении актов в сфере обязательного страхования жилых помещений от пожара и стихийных бедствий"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 2-февралы № 49 Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун убактылуу эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрү жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифи 2-тиркемеге ылайык;
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандырып ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасы 3-тиркемеге ылайык;
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасында мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.
3. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун убактылуу эрежелеринин колдонуу мөөнөтү 2017-жылдын 1-февралына чейин белгиленсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 16-февралында N 16 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Т.Сариев
2-тиркеме Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмдөрү жана камсыздандыруу сын төлөмүнүн
ТАРИФИ
Бир турак жай үчүн жылдык камсыздандыруу сый төлөмү базалык камсыздандыруу тарифин камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмүнө көбөйткөнгө барабар. Базалык камсыздандыруу тарифи 0,12 пайызга барабар. Эсептелинген базалык тариф жылдык болуп саналат. Камсыздандыруу келишими боюнча минималдык камсыздандыруу суммасы турак жайдын жайгашкан аймагына жараша болот жана камсыздандыруу суммаларынын белгиленген минималдуу өлчөмдөрүнөн аз болушу мүмкүн эмес:
- шаар жери үчүн камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү - 1000000 сом;
- айыл жери үчүн камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү - 500000 сом.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайларды камсыздандыруунун убактылуу эрежелерине ылайык калктын социалдык аялуу катмарларына тийиштүү жеңилдиктер берилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 209
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды…Постановление · 13.09.2023 · № 473
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген)Правила · 02.02.2016 · № 49
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасында мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби…Постановление · 02.02.2016 · № 49
- Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандырып ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасы ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Методика · 02.02.2016 · № 49
- Ак-Суу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 08-февралындагы №3/6 "Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга иш планын 2019-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2019 · № 3/6
Шилтеме берет (3)
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 209
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды…Постановление · 13.09.2023 · № 473
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон